"Astoria Grande" Трабзонго келди

Кемеден түшкөн 828 турист шаардын тарыхый жана туристтик жерлерин көрүү үчүн порттон жөнөп кетишти.

2081898
"Astoria Grande" Трабзонго келди

Орусия менен Түркиянын ортосунда жүргүнчүлөрдү ташыган «Астория Гранде» круиздик кемеси быйыл 22-жолу Трабзон портуна келди.

Орусиянын Сочи шаарынан жол тартып, Түркиянын ар кайсы портторуна токтогон 1200 жүргүнчүсү бар 193 метр узундуктагы жана 30 метр кеңдиктеги 11 кабаттуу круиздик кеме Трабзон портуна жетти.

Кемеден түшкөн 828 турист процедураларынан кийин шаардын тарыхый жана туристтик жерлерин көрүү үчүн порттон жөнөп кетишти.



Тектеш кабарлар