Эрдоган "Сабиха Гөкчен" аэропортунун 2-конуу тилкесинин ачылыш аземинде сөз сүйлөдү

Эрдоган, "Сабиха Гөкчен" аэропортунун Түркиянын Стамбул аэропорту жана Анталья аэропортунан кийин эң кыймылдуу 3-аэропорт экенин маалымдады.

2080568
Эрдоган "Сабиха Гөкчен" аэропортунун 2-конуу тилкесинин ачылыш аземинде сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, "Сабиха Гөкчен" эл аралык аэропортунун жаңы конуу тилкесинин ишке кириши менен жылына 85 миллиондон ашуун жүргүнчүнү кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло турганын айтты.

Президент Эрдоган Стамбулдагы "Сабиха Гөкчен" аэропортунун 2-конуу тилкесинин ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган, "Сабиха Гөкчен" аэропортунун Түркияда Стамбул аэропорту жана Анталья аэропортунан кийин эң кыймылдуу 3-аэропорт экенин маалымдады.

«Аэропортубуз 2021-жылы ички жана эл аралык каттамдарда 181 миң рейс менен 25 миллион жүргүнчүнү кабыл алды. 2022-жылы бул сан 31 миллион жүргүнчүгө жетти» деген Эрдоган: «Сабиха Гөкчен эл аралык аэропорту жаңы конуу тилкесинин ишке кириши менен жыл сайын 85 миллиондон ашык жүргүнчүнү кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар