Хакан Фидан Европа Биримдиги жана НАТОну сынга алды

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Европа Биримдигинин Түркияны өнөктөш эмес атаандаш катары көрүшү жана айрым НАТО союздаштарынын Түркиянын коопсуздук сезимдерин эске албашыТүркияны альтернативдүү стратегияларды иштеп чыгууга түрткөнүн айтты.

2079551
Хакан Фидан Европа Биримдиги жана НАТОну сынга алды

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Европа Биримдигинин Түркияны өнөктөш эмес атаандаш катары көрүшү жана айрым НАТО союздаштарынын Түркиянын коопсуздук сезимдерин эске албашы Түркияны альтернативдүү стратегияларды иштеп чыгууга түрткөнүн айтты.

Фидан Түркия Улуу Улуттук Парламентинин  жалпы жыйынында министрликтин  2024 - жылдын бюджети боюнча сөз сүйлөдү. Министр Фидан Түркиянын тышкы саясатта эл аралык күн тартибин белгилеген, орчундуу географияларда таасир жараткан актерго айлангандыгын айтты. 

Түркиянын ахлактык баалуулуктарга таянган, рационалдуу жана таасирдүү тышкы саясат жүргүзүшүнүн ар дайымкыдан дагы баалуу болгонун белгилеген Фидан : "Газадагы зомбулукка каршы туруубуздун себеби ушул. Эмне болсо болсун туурага туура, жаңылышка жаңылыш деп айтуудан эч качан тартынбайбыз. Дайыма  палестиналык боордошторубуздун 

жанында болдук. Алдыдагы процессте да жанында болууну улантабыз",- деди. 

Сириянын жеринин бүтүндүгү жана саясий биримдигине берилгендигин баса белгилеген Фидан, айрыкча ПКК/ЙПГ сыяктуу террордук уюмдар менен күрөштүн улана тургандыгын билдирди.

Министр Фидан Ливияда өлкөнүн биримдигин, бүтүндүгүн сактоо жана өлкөнүн кайрадан кагылышууларга тартылышын алдын алуу негизги алдыңкылыктары экендигин белгиледи. 

НАТОнун саясаттарына да токтолгон Фидан: «Кээ бир НАТО өлкөлөрүнүн акыркы жылдарда ишке ашырган саясаттарына караганыбызда Сирияда ПКК/ЙПГга берилген колдоо жана коргонуу өнөр жайында Түркияга киргизилген санкциялар карама - каршылык жаратууда»,-деди. 

Европа Биримдиги менен болгон карым  - катнаштарга да токтолгон тышкы иштер министри : "Европа Биримдигинин Түркияны өнөктөш эмес, атаандаш катары көрүшү жана НАТОдогу айрым өнөктөштөрүбүздүн коопсуздук сезимдерибизди эске албаганы өлкөбүздү көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү жана альтернативдүү стратегияларды иштеп чыгууга алып барат. Бул биз үчүн тандоо эмес, бирок мамлекетибиздин жана улутубуздун жашашы үчүн зарылчылык болду»,- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар