Орбандан күлүмсүрөткөн билдирүү
Президент Эрдоган Венгриянын борбор шаары Будапештте маанилүү жолугушууларды өткөрдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган жергиликтүү унаа ТОГГ белек кылган Венгриянын премьер - министри Виктор Орбан соцтармактан күлүмсүрөткөн билдирүү жарыялады.
Президент Эрдоган Венгриянын борбор шаары Будапештте маанилүү жолугушууларды өткөрдү.
Эрдоган оболу венгер кесиптеши Каталин Новак андан кийин премьер - министр Виктор Орбан менен жолугушту.
Президент Эрдоган өзүн тосуп алган премьер - министр Орбанга Түркиянын жергиликтүү жана улуттук унаа ТОГГ белек кылды. Орбан да президент Эрдоганга венгер атын белек кылды.
Белек тапшырышуулардан кийин Венгриянын премьер - министри соцтармактан күлүмсүрөткөн билдирүү жарыялады. Орбан : "Ушул кезге чейин түзгөн эң мыкты келишим. Бир аттын күчүнө 435 аттын күчүн сатып алдым",- деди.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө маалымат берилди.