Эрдоган Кувейттин эмири үчүн көңүл айтты
Президент Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн сыйлык тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө кечээ каза болгон Кувейт эмири үчүн көңүл айтты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Кувейттин каза болгон эмири шейх Навваф аль-Ахмед аль-Жабир эс-Сабахтын Түркиянын чынчыл жана ишенимдүү досу катары ар дайым жылуу эскерилерин билдирди.
Президент Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн сыйлык тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө кечээ каза болгон Кувейт эмири үчүн көңүл айтты.
Эрдоган: «Каза болгонун терең кайгыруу менен уккан бир тууганым, Кувейттин Эмири шейх Неввафка Аллахтан ырайым жана кечирим каалайм. Дос жана боордош Кувейт элине улутумдун атынан көңүл айтам. Маркум шейх Невваф Түркиянын чынчыл жана ишенимдүү досу катары ар дайым жылуу сөздөр менен эскерилет. Мен дагы Кувейттин жаңы эмири болгон бир тууганым Шейх Мешал үчүн Кудайдан ийгилик тилейм»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.