Эрдоган Байден менен телефон аркылуу сүйлөштү

Сүйлөшүүдө Израилдин Палестина жерлерине кол салуулары, Түркия-АКШ эки тараптуу карым-катнаштары, Швециянын НАТОго мүчөлүк процесси, глобалдык жана аймактык маселелер каралды.

2076791
Эрдоган Байден менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын президенти Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Сүйлөшүүдө Израилдин Газа баш болгон Палестина жерлерине кол салуулары, Түркия-АКШ эки тараптуу карым-катнаштары, Швециянын НАТОго мүчөлүк процесси, глобалдык жана аймактык маселелер каралды.

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө Газадагы гуманитардык трагедияны тез арада токтотуу керектигин, АКШнын Израилге карата колдоосунан баш тартса тез арада ок атышпоонун мүмкүн экенин, дүйнө жана АКШ коомдук пикиринин акыркы күндөрдө бул талапты дагы катуу үн менен айтып жатканын, аймактагы ок атышпоону мүмкүн болушунча тезирээк камсыз кылуунун АКШнын тарыхый жоопкерчилиги экенин билдирди.

Президент Эрдоган Израилдин кол салууларынын тереңдешинин жана узартылышынын аймактык жана глобалдык терс натыйжаларга алып келиши мүмкүн экенин, Түркия сунуш кылган кепилдик механизминин түзүлүүсү, берилген убадалардын аткарылышы жана 1967-жылдагы чек араларга негизделген борбор шаары Кудс болгон көз карандысыз Палестина мамлекетинин курулуусунун эң акылга сыярлык жана туруктуу чечим экенин белгиледи.

Президент Эрдоган менен Байдендин сүйлөшүүсүндө Түркияга F-16 согуштук учактарын сатуу темасы да каралды.



Тектеш кабарлар