Куртулмуштан кепилдик билдирүүсү

Куртулмуш Израилдин Палестина жерлеринде адамзатка каршы оор кылмыштарды кылганын баса белгиледи.

2075149
Куртулмуштан кепилдик билдирүүсү

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш Палестинада болуп жаткан адамзаттык трагедияга көңүлдөрдү буруп, Түркиянын кепилдиги менен жаңы мезгилдин башталышы керектигин айтты.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын жалпы жыйынында 2024-жылдын бюджетинин сүйлөшүүлөрү башталды.

Ачылыш сөзүн сүйлөгөн Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Куртулмуш, Палестинада болуп жаткан адамзаттык трагедияга көңүлдөрдү бурду.

Израилдин Палестина жерлеринде адамзатка каршы оор кылмыштарды кылганын баса белгилеген Куртулмуш: «Газада адамзатка каршы оор кылмыштар кылынууда. Адам укуктарынын жалпы декларациясынын так жоболоруна карабастан бүгүнкү күндө адамзат 67 күнгө созулган адамзаттык трагедияны алдын ала албай жатат»,- деди.

Бириккен Улуттар Уюмунун кагаз жүзүндө гана бар болгон уюмга айланганын билдирген Куртулмуш: «Адам укуктарынын бузулушун токтотуу үчүн жаңы система керек. Жаңы дүйнөнү куруу үмүтү менен Түркиянын кепил болушунун негизинде жаңы мезгилдин башталышын үмүттөнөм»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар