Фидан : "Газа темасында АКШ жалгыз"

Министр Фидан Газа байланыш тобунун Блинкен менен болгон жолугушуусунда Газадагы трагедиянын бардык тарабы менен сөз болгондугун белгиледи.

2074494
Фидан : "Газа темасында АКШ жалгыз"

Тышкы иштер министри Хакан Фидан, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешиндеги  ок атышпоо долбооруна добуш берүүдө Америка Кошмо Штаттарынын Газа темасында  жалгыз калганы ачыкка чыкканын айтты.

Тышкы иштер министри Фидан Ислам Кызматташтык Уюмунун  мүчөлөрү жана Араб лигасынын Байланыш тобу менен Вашингтондогу жолугушууларынын алкагында америкалык кесиптеши Энтони Блинкен менен жолугушкандан кийин басма сөзгө маалымат берди.

Министр Фидан Газа байланыш тобунун Блинкен менен болгон жолугушуусунда Газадагы трагедиянын бардык тарабы менен  сөз болгондугун белгиледи.  

Фидан : "Байланыш тобунун мүчөлөрү Газадагы адамзаттык трагедиянын дароо акырына чыгышы жана Израилдин күнөөсүз адамдарды өлтүрүүнү токтотушу керектигин көптөгөн жолу баса белгилешти",- деди. 

Кечээ БУУнун Коопсуздук Кеңешинде болгон жана АКШ вето кылган Газада  чукул түрдө ок атышпоого чакыруу салган долбоорго да токтолгон Фидан : "БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги добуш берүүдө АКШнын жалгыз калганын дагы бир жолу көрдүк",- деди. 

Фидан 193 мүчө өлкөнүн 97си тарабынан колдоого алынган резолюция долбооруна АКШнын вето коюсуна бүт дүйнө коомдук пикирдин  баа берерин белгилеп : «АКШнын саясий системасы азыр Израилге байланыштуу маселелерде алсыз. Ошондуктан Израиль бул темада ойлонбой иш кылып, зулумчулугун улантууда»,-деди.

Фидан өзгөчө Газадагы абал тууралуу Түркиянын позициясын жана абалдын олуттуулугун америкалыктарга билдиришкендерин айтты.  

Байланыш тобунун кийинки аялдамасы Канада болот.

 



Тектеш кабарлар