Газада курула турган талаа ооруканасы

Фахреттин Кожа борбор шаар Анкарада журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2073821
Газада курула турган талаа ооруканасы

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа, Газада курула турган талаа ооруканасы үчүн алдын ала иликтөө иштеринин жүргүзүлгөнүн жарыялады.

Фахреттин Кожа борбор шаар Анкарада журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Газадан бейтаптарды өткөрүү боюнча Израиль, Египет жана Түркиядан турган үч тараптуу координациялык топтун иштеп жатканын белгилеген Кожа, ушул убакка чейин 114 бейтап жана 86 коштоочусу менен бирге 200 кишинин Түркияга келгенин айтты.

Кожа 26сы бала 114 бейтаптын 2синин каза болгонун, 7 бейтаптын реанимацияда көзөмөлдөнүп жатканын, калган бейтаптарда учурда олуттуу көйгөй болбогонун билдирди.

Координациялык топтун жаңы бейтаптарды өткөрүү ишин улантып жатканын белгилеген Кожа, талаа ооруканасы үчүн иликтенген 3 конуштун инфраструктуралык жактан ылайыктуу эместигин, төртүнчү жер үчүн алдын ала иликтөө иштеринин жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

«Рефах» чек ара бекетине жакын бул төртүнчү пунктту ылайыктуу деп ойлогондорун билдирген Кожа, Израиль жана Египеттин саламаттыкты сактоо министрлери менен өз-өзүнчө сүйлөшкөндөрүн жана бул темада макулдашкандарын айтты.

Фахреттин Кожа: «Алдыдагы күндөрдө инфраструктурасы жакшы болгон бул аянтта талаа ооруканасын тез арада кура алабыз деп ойлойм. Андай болсо оорулууларды жеринде көбүрөөк дарылоого мүмкүнчүлүгүбүз болот. 20 тез жардам унаабыз лицензиясы менен чек арада күтүп турат. Талаа ооруканабыз менен бирге алар да Газага өтө алышат», - деди.



Тектеш кабарлар