Мажбурлап көчүрүлгөн адамдар

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы билдирүү бөлүштү.

2072902
Мажбурлап көчүрүлгөн адамдар

2024-жылдын аягына чейин мажбурлап көчүрүлгөндөрдүн санынын 130 миллиондон ашаары күтүлүүдө.

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы (UNHCR) X социалдык медиа платформасынан, келерки жылдын аягына чейин жер которору күтүлгөн адамдардын саны тууралуу билдирүү бөлүштү.

Билдирүүдө "2024-жылдын аягына чейин 130 миллиондон ашык адамдын мажбурлап көчүрүлүшү же жарандыгы жок калышы күтүлүүдө. БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгы бул адамдарды коргоого чечкиндүү. Бүгүнкү милдеттенме конференциябызда, өнөктөштөрүбүздөн тез арада каржылык колдоо көрсөтүүнү суранабыз", - деп айтылды.

БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгы 25-октябрда жарыяланган отчетунда, дүйнө жүзү боюнча уланып жаткан согуштун, зордук-зомбулуктун жана адам укуктарынын бузулушунан улам мажбурлап көчүрүлгөн адамдардын санынын, үстүбүздөгү жылдын июнь-сентябрь айларында 4 миллионго көбөйүп 114 миллиондон ашканы кабарланган.



Тектеш кабарлар