Стамбул аэропорту Европадагы эң кыймылдуу аэропорт болду
Европанын Аэронавигация коопсуздугу уюмунун (Eurocontrol) 13-19-ноябрдагы авиациялык отчету жарыяланды.
Стамбул аэропорту 13-19-ноябрь күндөрү күнүмдүк орточо 1297 каттам менен Европанын эң кыймылдуу аэропорту болду.
Европанын Аэронавигация коопсуздугу уюмунун (Eurocontrol) 13-19-ноябрдагы авиациялык отчету жарыяланды.
Жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) пандемиясы башталган 2019-жылга чейин каттамдардын санынын өзгөрүшүн камтыган отчетко ылайык, Стамбул аэропорту бул мезгилде күнүмдүк каттамдардын санын 12ге көбөйткөн Европадагы жалгыз аэропорт болду.
Отчетко караганда Стамбул аэропорту 13-19-ноябрь күндөрү күнүмдүк 1297 каттам менен Европанын эң кыймылдуу аэропорттору арасында биринчи орунга чыкты.
Стамбул аэропортунан кийин күнүмдүк орточо 1254 каттам менен Лондон Хитроу жана 1227 каттам менен Амстердам Схипхол аэропорту ээледи.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинде жасаган билдирүүсү.
Президент Эрдогандын 1-Майга карата билдирүүсү
Президент Режеп Таййип Эрдоган 1-Майга карата билдирүүсүн социалдык медиа эсебинен бөлүштү.