Нуман Куртулмуш АКШга каршылык көрсөттү

Куртулмуш Стамбул Йени Йүзйыл университети 2023 - 2024  билим берүү жылынын ачылуу аземинде сөз сүйлөдү.

2071555
Нуман Куртулмуш АКШга каршылык көрсөттү

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш Газадагы ок атышууга каршы чыккан АКШга каршылык көрсөттү.

Куртулмуш Стамбул Йени Йүзйыл университети 2023 - 2024  билим берүү жылынын ачылуу аземинде сөз сүйлөдү.

Израиль - Палестина маселесин Хамастын кол салуусунун натыйжасында пайда болгон бир маселе катары карабоо керектигин баса белгилеген Куртулмуш, бул маселенин Израилдин оккупациясындагы Палестинанын адилеттүү доосунун чечилбешинин табигый натыйжасы экенин айтты.

Нуман Куртулмуш : "АКШдан "Биз туруктуу ок атышпоого каршыбыз" деген билдирүүнүн келиши, артынан да бүгүн кайрадан Израилдин кол салууларын башташы уялтуучу абал",- деди. 

Куртулмуш 1967 - жылдагы чек аралар ичинде борбор шаары Кудс болгон Палестина мамлекетинин курулушу, еврей  баскынчыларын басып алган үйлөр менен айылдардан чыгарып, негизги ээлерине берилиши, Месжид  - и Акса башта болгон ыйык жерлерди коргоо шарттары түзүлбөстөн Жакынкы Чыгышта  тынчтыктын түзүлө албай тургандыгын баса белгиледи.  

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери : «Түркия катары эзилген Палестина элинин басма сөз катчысы болобуз, бул мааниде саясий талаптарын аткарабыз жана дүйнө тынчтыгынын орношуна Жакынкы Чыгышта тынчтык жана бейпилдикти орнотуу үчүн аракет кылабыз»,-деди.

 

 



Тектеш кабарлар