Эрдоган Бириккен Араб Эмирликтерине барат

Саммитте климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү саясаттары баш болгон экология, энергетика, азык-түлүк, саламаттыкты сактоо сыяктуу темаларда лидерлер деңгээлинде пикир алмашылышы пландалууда.

2070727
Эрдоган Бириккен Араб Эмирликтерине барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган Дүйнөлүк Климаттык аракеттер саммитине катышуу үчүн Бириккен Араб Эмирликтерине (БАЭ) барат.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, Эрдоган Дубайда өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык келишиминин 28-Тараптар конференциясынын (COP28) алкагында уюштурула турган Дүйнөлүк Климаттык аракеттер саммитке катышуу үчүн 30-ноябрь- 1-декабрда Бириккен Араб Эмираттарына барат.

Саммитте климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү саясаттары баш болгон экология, энергетика, азык-түлүк, саламаттыкты сактоо сыяктуу ар түрдүү темаларда лидерлер деңгээлинде пикир алмашылышы пландалууда.

Президент Эрдогандын саммиттин биринчи күнү 1-декабрда сөз сүйлөп, жыйындын алкагында айрым катышуучу өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү да күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар