Анкарадагы БУУнун кеңсесинин алдында Палестинаны колдоо митинги өттү

Палестина желеги менен Израилге жана Америка Кошмо Штаттарына каршы баннерлерди ачкан топтун атынан MAZLUMDERдин менеджерлеринин бири Эсра Дуру басма сөз билдирүүсүн жасады.

2066589
Анкарадагы БУУнун кеңсесинин алдында Палестинаны колдоо митинги өттү

Анкара Палестина тилектештик платформасынын мүчөлөрү 20-ноябрь Дүйнөлүк Балдар Укуктары күнүнөн улам борбор шаар Анкарадагы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Түркия кеңсесинин алдында Палестинага колдоо көрсөтүү акциясын уюштурушту.

Палестина желеги менен Израилге жана Америка Кошмо Штаттарына каршы баннерлерди ачкан топтун атынан MAZLUMDERдин менеджерлеринин бири Эсра Дуру басма сөз билдирүүсүн жасады.

Дуру 1989-жылдын 20-ноябрында кабыл алынган «Балдардын укуктары боюнча конвенциянын» дүйнө балдары үчүн маанилүү бурулуш учур болгонун жана келишим менен балдардын дени сак жашоо үчүн негизги укуктары жарыяланганын белгиледи.

Бүгүн Балдардын укуктары боюнча конвенция эскерилип жатканда дүйнөнүн төрт тарабында балдардын экрандарды карап, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) кайда экенин сураганын айткан Дуру:« анын негизги милдети беш туруктуу мүчөнүн кызыкчылыктарын башкаларга таңуулоо болуп көрүнгөн БУУ жана БУУнун башкаруучуларынын атынан миссионердик иш-аракеттерин уланткан ЮНИСЕФтин акыркы 20 жылда өзгөчө Палестинада кризистүү эч бир аймакта айыптоодон ары өтө албаганы бул мекемелердин бар экенин күмөндүү кылып койду.

Анткени дүйнөлүк тарыхта окшошу дээрлик кездешпеген мыкаачылык жана геноцид кылган расисттик апартеид Израил режими, Газада кары-жаш, бала, аял-эркек дебестен мыкаачылык менен кыргын салышы канды кайнатып турганда бардык абийирдүү адамдарды таң калтырган чыныгы маселе дүйнөгө балдардын укуктарын үйрөткөн жана балдар аркылуу дүйнө жүзү боюнча жардам жана билим берүү иш-чараларын жүргүзүп жаткан ЮНИСЕФтин унчукпай калышы»,-деп айтты.

ЮНИСЕФке үн каткан Дуру: «Балдардын укуктары конвенциясы менен укуктарын кепилдикке алган балдардын арасында Газада 10 мүнөт сайын өлтүрүлгөн балдар жокпу? Газада өмүрү, үй-бүлөсү, үйү, жатаканасы, кыялы жок болгон балдардын укугун ким коргойт? ЮНИСЕФ кайда?»,- деди.



Тектеш кабарлар