ПККдан качкан 2 террорист багынып берди
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө төмөнкү сөздөргө орун берилди.
Ирактын түндүгүндөгү баш калкалоочу жайларынан качкан жикчил террордук уюм ПККдан эки террорист Хабурда коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө төмөнкү сөздөргө орун берилди:«Чеңгел сериясы операциялары менен уюгуна кирген террордук уюм ПККдан качуулар уланууда. Ирактын түндүгүндөгү баш калкалоочу лагерден качкан 2 ПКК террористи Хабурдагы чек ара бекетибизге багынып беришти. Террористтер үчүн жалгыз кутулуу жолу түрк адилеттигине багынып берүүсү менен болот».
Министрликтин башка билдирүүсүндө Сириянын түндүгүндөгү Зайтун бутагы аймагында кол салууга даярданганы аныкталган 4 ПКК/ЙПГ террористинин кыянаттык максаттарына жете электе жок кылынганы билдирилди.
Тектеш кабарлар
«Seven Seas Voyager» Антальяда
"Seven Seas Voyager" круизинин кийинки багытынын Санторини порту болоору маалымдалды.