Фидан: "Дароо ок атышпоо жарыяланышы керек"

Министр Фидан Украинанын борбор шаары Киевде өткөрүлгөн Кара деңиз Экономикалык Кызматташтык Парламенттик Ассамблеясынын (КСЭК) 62-сессиясына уюмдун төрагасы катары билдирүү жөнөттү.

2065396
Фидан: "Дароо ок атышпоо жарыяланышы керек"

Тышкы иштер министри Хакан Фидан, Израилдин Газадагы зулумунун, Кара деңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (КЭКУ) аймагы да таасирлене турган олуттуу коркунучту жаратканын жана бул жагдайда дароо ок атышпоонун жарыяланышы керектигин айтты.

Министр Фидан Украинанын борбор шаары Киевде өткөрүлгөн Кара деңиз Экономикалык Кызматташтык Парламенттик Ассамблеясынын (КСЭК) 62-сессиясына уюмдун төрагасы катары билдирүү жөнөттү.

Билдирүүсүндө дүйнөнүн Украинадагы согуштун жана эпидемиянын глобалдык кесепеттерин дагы эле сезип жатканда, 7-октябрдан берки окуялардын Израиль-Палестина жаңжалынын ар дайым эске алынышы керектигин эскертип жатканын баса белгилеген Фидан: «Израилдин Газадагы зулуму Кара деңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун аймагы да таасирлене турган олуттуу коркунучту жаратууда. Бул маселе боюнча биздин позициябыз ачык: Дароо ок атышпоо жарыяланышы керек, гуманитардык жардамдын үзгүлтүксүз агымы камсыз кылынышы зарыл, эл аралык деңгээлде кабыл алынган параметрлердин алкагында эки мамлекеттүү чечим формуласына негизделген тынчтык сүйлөшүүлөрү башталышы керек жана тынчтыктын толук ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн кепилдик механизми түзүлүшү зарыл»,-деди.

«Мындай чоң гуманитардык трагедияга эл аралык системанын ок атышпоону камсыздай албашынын, ошондой эле миңдеген балдардын, аялдардын жана БУУнун кызматкерлеринин ылгабай өлтүрүлүшүнө каршы айрым өлкөлөрдүн унчукпай коюшунун Украина баш болгон башка кагылышуу аймактарына да таасир этиши мүмкүн», - деп айтты.

Түркиянын Украинага чексиз колдоосун уланта турганын баса белгилеген Фидан, муну ишке ашырып жатканда да Украинанын көз карандысыздыгы, эгемендиги жана Крым менен бирге жеринин бүтүндүгүнө негизделген туруктуу тынчтык үчүн ар кандай дипломатиялык аракеттерди уланта тургандарын билдирди.



Тектеш кабарлар