Челик: "Нетаньяху жана ага окшогондор кыргын саясатын жүргүзгөндөр"

Өмер Челик социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

2065281
Челик: "Нетаньяху жана ага окшогондор кыргын саясатын жүргүзгөндөр"

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партиянын) басма сөз катчысы Өмер Челик, израилдик жетекчилердин президент Режеп Таййип Эрдоганга карата сөздөрүн сынга алды.

Өмер Челик социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, Израиль башкаруучулугунун миңдеген аял жана баланы кыргынга салганын; мечиттерди, чиркөөлөрдү жана ооруканаларды талкалап, адамзат тарыхында кара из калтырган кылмыштарга аралашканын айтты.

Челик мындай деди:

«Канкор Израиль башкаруусунун премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен Израилдин тышкы иштер министри Эли Коэндин президентибиз Режеп Таййип Эрдоганды бутага алган сөздөрү, бир күнү сөзсүз жооп бере турган кылмыштарын жаап-жашыруу аракети. Президентибиз адамдык ар-намысты көтөргөн, адамдык баалуулуктарды чечкиндүү коргогон саясатты карманат. Нетаньяху жана ага окшогондор кыргын саясатын жүргүзгөндөр».



Тектеш кабарлар