Министр Фидандын дипломатиялык сүйлөшүүлөрү

Фидан Египеттин тышкы иштер министри Самих Шүкри менен сүйлөшүү өткөрдү.

2064015
Министр Фидандын дипломатиялык сүйлөшүүлөрү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Египеттин тышкы иштер министри Самих Шүкри менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрликтен алынган маалыматка караганда, сүйлөшүүдө Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында ишемби күнү өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюму – Араб Лигасынын саммитинде кабыл алынган чечимдердин аткарылышы үчүн эмне кылуу керектиги тууралуу пикир алмашылды.

Сүйлөшүүдө эки министрдин Газага гуманитардык жардамдардын жеткирилиши темасын да талкуулагандары маалым болду.

Хакан Фидан Кытай Эл Республикасынын Жакынкы Чыгыш маселеси боюнча атайын өкүлү Жай Цзюньду кабыл алды.

Министрликтен алынган маалыматка караганда, Анкарада Тышкы иштер министрлигинде өткөрүлгөн кабыл алууда, министр Фидан менен Кытай Эл Республикасынын Жакынкы Чыгыш маселеси боюнча атайын өкүлүнүн ортосундагы сүйлөшүүдө Газадагы акыркы абалдардын алкагында Палестина маселеси каралып, аймактык көйгөйлөр боюнча да пикир алмашылды.



Тектеш кабарлар