ТУУПти кампусунда Израилди колдогон фирмалардын продукцияларын сатууга тыюу салды

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин кампусундагы  ресторан, ашкана жана чайканаларда Израилге колдоо көрсөткөн  фирмалардын продукцияларынын сатылбашына чечим чыгарды.

2061561

Түркия Улуу Улуттук Парламентинен берилген маалыматта парламенттин Газада күнөөсүз адамдарды өлтүргөн Израилдин аскердик учактарына ачыкча колдоосун жарыялаган  фирмалардын продукцияларын жана товарларын бойкот кылуу  үчүн коомдук аң-сезимге колдоо көрсөтүү чечимин чыгарганы белгиленди.

Билдирүүдө парламенттин спикери Куртулмуштун көрсөтмөсү менен Израилдин Газада кылган кыргынына колдоо көрсөткөн фирмалардын товарларынын парламенттин кампусу жана мекемелериндеги ресторан, ашкана жана чайканаларда сатылбай турганы билдирилди.

Хамастын куралдуу канаты аль  - Кассам бригадалары Израилдин “палестиналыктарга жана алардын ыйык баалуулуктарына, өзгөчө Аль Аксага каршы тынымсыз эреже бузууларына жооп берүү” деген  негиз менен 7 - октябрда эртең менен кеңири чабуулду баштаган. Израиль армиясы да Газа тилкесин абадан катуу бомбалоону баштаган.

Израилдин Газага карата кол салууларында  10 миңден ашуун киши каза болду. 

Тектеш кабарлар