Энтони Блинкен Анкарада

Блинкен жана аны коштогон делегацияны Анкарага алып келген учак Түркия убактысы боюнча саат 23.58де Эсенбога аэропортуна конду.

2060625
Энтони Блинкен Анкарада

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугушуу үчүн борбор шаар Анкарага келди.

Блинкен жана аны коштогон делегацияны Анкарага алып келген учак Түркия убактысы боюнча саат 23.58де Эсенбога аэропортуна конду.

Тышкы иштер министри Фидан менен кесиптеши Блинкендин ортосунда бүгүн өткөрүлө турган расмий жолугушууларда Газадагы абал, аймактык маселелер жана эки тараптуу карым- катнаштардын каралышы көздөлүүдө.

АКШлык министр Түркияга келээрден мурда Иракка күтүүсүз сапар жасап борбор шаар Багдадда премьер-министр Мухаммед Шиа Судани менен жолугушту. Блинкендин бул сапарда ок өткөрбөгөн жилет кийип жүргөнү байкалды.



Тектеш кабарлар