Эрдоган Казакстанда Түрк мамлекетер уюмунун мамлекет башчыларынын саммитинде сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган : "Бул жылы  100 жылдыгын белгилеген Түркия Республикасы катары бардык түрк дүйнөсүнүн тынчтык, бейпилдик жана коопсуздугу тууралуу кадамдарды таштоону улантабыз",- деди.

2059787
Эрдоган Казакстанда Түрк мамлекетер уюмунун мамлекет башчыларынын саммитинде сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган : "Бул жылы  100 жылдыгын белгилеген Түркия Республикасы катары бардык түрк дүйнөсүнүн тынчтык, бейпилдик жана коопсуздугу тууралуу кадамдарды таштоону улантабыз",- деди. 

Президент Эрдоган Казакстандын борбор шаары Астанада болуп жаткан Түрк мамлекетер уюмунун мамлекет башчыларынын   10 -  саммитинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган сөзүндө Израилдин Газага карата кол салуулары тууралуу : "7 -  октябрдан бери күбө болгондорубузду актай турган же бул мыкаачылыкты түшүндүрө турган эч бир түшүнүк жок. Газада адамзатка каршы кылмыштар  28 күндөн бери уланууда. Түркия катары бул кризис алгач башталгандан баштап принципиалдуу жана гумандуу позицияны кармандык», - деди.

Президент Эрдоган сөзүн төмөнкүчө улантты : "Биздин приоритетибиз - тез арада гуманитардык ок ​​атышпоонун түзүлүшү. Ошондой эле мусулман, христиан же еврей болбосун, ар бир адамдын коопсуздугун кепилдей турган жаңы механизмдердин үстүндө иштеп жатабыз. Эл аралык тынчтык конференциясына негиз салуу аракетибиз уланууда".

Газага ушул кезге чейин  10 учак гуманитардык жардамдын жиберилгендигин белгилеген Эрдоган : "Аянттагы  шарттарга жараша жаңыларын жөнөтүүнү улантабыз. Түрк дүйнөсү катары биримдик жана биримдикте кыймыл кылуу, алгач ок атышпоо, андан соң туруктуу тынчтыкка карай жолду жеңилдетет»,-деди.

Президент Эрдоган : "Бул жылы 100 жылдыгын белгилеген Түркия Республикасы катары бардык түрк дүйнөсүнүн тынчтыгы, бейпилдиги жана коопсуздугу тууралуу кадамдарды таштоону улантабыз",- деди. 

Темасы "Түр доору" деп белгиленген Түрк мамлекеттер уюмунун  10 -  саммитинде лидерлер салттуу глобалдык жана аймактык маселелер тууралуу пикир алмашууларда болду. 

Саммиттин жыйынтыгында Астана декларациясы жарыяланды.

Декларацияда  лидерлер жарандарды коргоо үчүн ок атышууну  дароо токтотууга жана Газа тилкесине гуманитардык жардамды токтоосуз  жеткирүүгө чакырып, Израиль - Палестина кагылышуусунан олуттуу тынчсызданышкандарын жана жарандарды бутага алган бардык кол салууларды айыпташкандарын белгилешти.

Президент Эрдоган Астанадагы жолугушууларынын алкагында Азербайжандын президенти Илхам Алиев  андан кийин Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөргө эки өлкөнүн министрлеринен турган делегациялар да катышты.

Эрдоган Токаевге Түркиянын ата мекендик TOGG унаасын белекке берди.

Президент Эрдоган Астанадагы жолугушууларынан кийин Казакстандан кетти.

 

 



Тектеш кабарлар