Гепатит А вакцинасы эми Түркияда да өндүрүлөт
Эрдоган борбор шаар Анкарадагы KeyVac вакцина өндүрүү борборунун ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган гепатит А вакцинасынын эми Түркияда да чыгарыла турганын билдирди.
Президент Эрдоган борбор шаар Анкарадагы KeyVac вакцина өндүрүү борборунун ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө, жалпы аянты 29 миң чарчы метрди түзгөн KeyVacтын вакцина тармагында алдыңкы ролду ойной турганын маалымдады.
Түркиянын жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) процессин көптөгөн өлкөлөргө караганда алда канча ийгиликтүү жүргүзгөнүн айткан Эрдоган: "Пандемия мезгилинде 161 мамлекетке жана 12 эл аралык уюмга медициналык жактан колдоо көрсөтүп гуманитардык милдетибизди аткардык./.../ Өлкөбүз өткөн кылымдагы эң чоң пандемиядан күчтүү чыгып, досторунун санын көбөйттү" деди.
Көбүнчө чет өлкөдөн келген гепатит А вакцинасынын эми Түркияда да чыгарыла турганын жарыялаган Эрдоган: "Түркия эң жогорку стандарттарда (Гепатит А вакцинасын) чыгарган 4-өлкө болот. Чет өлкөгө болгон көз карандылыгыбыз азаят",-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.