Фидан- Блинкен сүйлөшүүсү
Сүйлөшүүдө Газадагы кагылышуунун аймакка жайылышынын алдын алуу, барымтадагылардын бошотулушун камсыз кылуу аракеттери, гуманитардык жардам коридорун түзүүнүн шашылыштыгы жана НАТОнун кеңейүү процесси талкууланды.
2057547
Тышкы иштер министри Хакан Фидан АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, сүйлөшүүдө Газадагы кагылышуунун аймакка жайылышынын алдын алуу, барымтадагылардын бошотулушун камсыз кылуу аракеттери, гуманитардык жардам коридорун түзүүнүн шашылыштыгы жана НАТОнун кеңейүү процесси талкууланды.
Министр Фидан сүйлөшүүдө Израиль тарабынан Газадагы элдин туш келди бутага алынышынын кабыл алынгыс экенин да баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
Өзбекстандын президенти Мирзиеев эртең Түркияга келет
Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы соода мамилелеринде жаңы доор башталууда.