Эрдоган: "Германия менен терең тамырлашкан карым-катнашыбызга чоң маани беребиз"

Эрдоган Стамбулдагы «Түрк-немис университетинин 10 жылдык билим берүү жана борбордук китепкананын ачылыш аземине» билдирүү жөнөттү.

2057926
Эрдоган: "Германия менен терең тамырлашкан карым-катнашыбызга чоң маани беребиз"

Президент Режеп Таййип Эрдоган, дос жана шериктеш Германия менен саясий, экономикалык, аскердик, маданий-гуманитардык өңүттөгү терең тамырлуу карым-катнаштарга чоң маани бергендерин билдирди.

Эрдоган Стамбулдагы «Түрк-немис университетинин 10 жылдык билим берүү жана борбордук китепкананын ачылыш аземине» билдирүү жөнөттү.

Эрдоган билдирүүсүндө: «Дос жана шериктеш Германия менен саясий, экономикалык, аскердик, маданий-гуманитардык өңүттөгү терең тамырлуу карым-катнаштарга чоң маани беребиз. Германияда жашаган 3 миллиондон ашуун калкыбызды эки өлкөнүн ортосундагы адамдык көпүрө катары көрөбүз. Түркияга жайгашкан немис жарандары жана барган сайын өнүгүп жаткан соода карым-катнашыбыз ортобуздагы достуктун эң ачык көрсөткүчү. Түркия менен Германиянын тарых бою байланышта, кызматташтыкта ​​жана тилектештикте болгон достук карым-катнаштарынын мындан ары дагы бекемделе турганына чын дилимден ишенемин»,-деди.



Тектеш кабарлар