Дүйнө жүзүнөн 29-октябрга карата келген билдирүүлөр

Дүйнө жүзүнүн лидерлери Түркия Республикасынын 100 жылдыгын жана президент Эрдоганды майрамы менен куттукташты.

2057458
Дүйнө жүзүнөн 29-октябрга карата келген билдирүүлөр
istanbul 29 ekim istiklal caddesi.jpg
nato turkiye
nato turkiye

Орусиянын президенти Владимир Путин Түркия Республикасынын 100 жылдык мааракеси менен куттуктап: «Өткөн кылымда өлкөңүз көптөгөн кыйынчылыктарды жеңип, экономикалык, социалдык жана башка тармактарда таанылган ийгиликтерге жетишти. Түркиянын дүйнөлүк аренада татыктуу жогорку кадыр-баркы бар»,-деп айтты.

Путин билдирүүсүндө президент Режеп Таййип Эрдоганды Түркия Республикасынын 100 жылдыгы менен куттуктады.

Орусия менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштардын достук жана жакшы коңшулук алкагында өнүгүп жатканын баса белгилеген Путин: «Урматтуу досум (Эрдоган), Түркия Республикасынын жарыялангандыгынын 100 жылдыгына карата менин чын жүрөктөн куттуктоомду кабыл алышыңызды каалайм. Өткөн кылымда сиздин өлкө көптөгөн кыйынчылыктарды жеңип, экономикалык, социалдык жана башка тармактарда таанылган ийгиликтерге жетишти. Түркия дүйнөлүк аренада татыктуу кадыр-баркка ээ. Ар түрдүү тармактардагы кызматташтык жакшы натыйжаларды берип, ири биргелешкен долбоорлор системалуу түрдө ишке ашырылууда. Москва менен Анкара аймактык жана глобалдык күн тартибиндеги маанилүү маселелерди чечүү аракетинде ийгиликтүү кызматташып жатышат. Биз дос элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн жана дагы адилеттүү жана демократиялуу дүйнө тартибин куруу үчүн эки тараптуу мамилелерибизди чыңдап жатабыз.Биз мындан ары да бардык аспектилерде тынымсыз жакшыра берерибизге ишенем»,-деп айтты.

Путин түрк элине бакыт жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өз кайрылуусунда президент Эрдоганды Түркия Республикасынын 100 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Мирзиёев: «Сиздер менен биргеликте биз макулдашылган бардык ири долбоорлорду жана программаларды толугу менен ишке ашырабыз жана элдерибиздин ар тараптуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн максаттарыбызга жетебиз»,-деп айтты.

Косовонун президенти Вйоса Османи да социалдык медиадан билдирүүсүндө президент Эрдоганды жана түрк элин куттуктады.

Османи өз билдирүүсүндө: «Дагы көп кылымдарга жана бекем достугубузга!»-деп айтты.

Беларустун президенти Александр Лукашенко да Түркия Республикасынын 100 жылдыгын белгиледи.

Лукашенко өз кайрылуусунда салттарга жана баалуулуктарга берилгендигин дүйнөгө көрсөткөн Түркия мындан 100 жыл мурункудай эле өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын чечкиндүү коргоп жатканын баса белгиледи.

Беларусь президенти: «Түркия 100 жылда саясий, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда чоң ийгиликтерге жетишти»,-деди.

Лукашенко кайрылуусунда президент Эрдоганга чың ден- соолук жана иштерине ийгилик каалап, дос Түркия элине тынчтык, биримдик жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Катардын эмири шейх Тамим бин Хамед Аль Тани да 29-октябрь Республика майрамынан улам президент Эрдоганга куттуктоо катын жолдоду.

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да билдирүүсүндө: «Америка элинин атынан түрк элине чын жүрөктөн куттуктоомду билдирем»,-деди.

 Блинкен: «Бул 100 жылдын ичинде Түркиянын барган сайын маанилүү глобалдык ролду ойноп жатканын жана элдерибиздин ортосундагы достуктун бара-бара тереңдеп баратканын көрдүк»,-деп айтты.

Босния-Герцеговинанын Демократиялык аракет партиясынын төрагасы Бакир Изетбегович мындай деди: «Урматтуу Түркиянын президенти жана кымбаттуу досум Эрдоган, Сизди жана элиңизди Республиканын 100 жылдыгына байланыштуу чын жүрөктөн куттуктайм».

Литва, Латвия жана Эстониянын Тышкы иштер министрликтери да Түркия Республикасынын 100 жылдыгын белгилөө боюнча билдирүү жарыялашты.

Түндүк Атлантика келишим уюму НАТО да Түркия Республикасынын негизделгенинин 100 жылдыгын куттуктады.

Түндүк Атлантика келишим уюму НАТО да Түркия Республикасынын негизделгенинин 100 жылдыгын куттуктады.

НАТОнун социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүдө Түркиянын бүгүн негизделгенинин 100 жылдыгын белгилегени эске салынып: «Шериктешибиз Түркияны майрамдоодо бизге кошулгула»,-деген сөз колдонулган.

Постто Мехметчиктин түрк желегин көтөрүп турган сүрөтү да орун алган.



Тектеш кабарлар