Фидан Дохада Катардын Эмири Шейх Темим бин Хамед Ал Тани менен жолугушту

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Израилдин Газага карата операциясынын бул мыкаачылыкты геноцидге айландырарын айтты.

2055690
Фидан Дохада Катардын Эмири Шейх Темим бин Хамед Ал Тани менен жолугушту
hakan fidan-katar emiri.jpg
hakan fidan.jpg

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Израилдин Газага карата операциясынын бул мыкаачылыкты геноцидге айландырарын айтты. 

Катарга расмий сапар менен барга Хакан Фидан  борбор шаар Дохада Катардын Эмири Шейх Темим бин Хамед Ал Тани менен жолугушту. 

Андан кийин Катардын премьер  - министри жана тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдуррахман  менен жолугушкан Фидан  өткөрүлгөн пресс  - жыйында Газадагы абалга токтолду. 

Фидан Газада 7 - октябрдан бери болуп жаткандардын бүткүл адамзаттын абийирин сыздаткандыгын белгилеп : "Палестиналык бир боордошторубузду,  балдарды, бейтаптарды жана кары - картаңдарды жада калса мектептерде, ооруканаларда жана мечиттерде бутага алуу адамзатка каршы кылмыш болуп саналат»,-деди. 

"Газага карата  кургактык операциясы бул мыкаачылыкты толугу менен геноцидге айландырат",- деген Фидан : "Газада жалпы жазаландырууга айланган кол салууларды  эч качан кабыл албайбыз. Газалыктардын  жерлеринен чыгарылышына ыраазы эмеспиз. Бул Палестинаны гана эмес, Египетти, Бейрутту жана Иорданияны туруксуздаштыруу максатын көздөйт. Израиль бул жаңылыштыктан дароо баш тартышы керек. Дароо  ок атышпоо жарыяланып, гуманитардык жардам коридору түзүлүшү керек",- деп айтты. 

Аймактын толугу менен бир бурулуш жеринде экендигин белгилеген Фидан : "Же дагы чоң согушка же чоң тынчтыкка барабыз",- деди. 

Хакан Фидан Палестина маселеси адилеттүү жыйынтык чыгарылмайынча аймакта туруктуу тынчтыктын түзүлүшү мүмкүн болбой турганын баса белгиледи.

"Түркия катары биздин чакыруубуз :  Газага кол салуулар мүмкүн болушунча тез арада токтотулушу керек. Гуманитардык жардам жеткирилиши керек. Эки мамлекеттүү чечим үчүн өзгөчө батыштыктар тарабынан олуттуу иштердин баштатылышы зарыл. Айрыкча батыштыктар реалдуу мамиле кылып,   рационалдуу кысым кылышы керек. Антпесе, аймагыбызды  дагы чоң тобокелдиктер күтүүдө»,-  деди Фидан 

 

 



Тектеш кабарлар