Алтун Израилди журналисттердин өмүр сактоого чакырды

Фахреттин Алтун социалдык медиа эсебинен бөлүшкөн билдирүүсүндө Газада согуш башталгандан бери 24 журналисттин каза болгонун, көп сандаган журналисттин жараланганын белгиледи.

2055525
Алтун Израилди журналисттердин өмүр сактоого чакырды

Президенттиктин коммуникация башкармалагынын башчысы Фахреттин Алтун Израиль бийликтерин карапайым калктын курмандыктарына көңүл бурбоосун токтотууга жана кабар кызматкерлерин коргоо үчүн катуу чараларды көрүүгө чакырды.

Фахреттин Алтун социалдык медиа эсебинен бөлүшкөн билдирүүсүндө Газада согуш башталгандан бери 24 журналисттин каза болгонун, көп сандаган журналисттин жараланганын белгиледи.

Кагылышуу аймагындагы башка жарандар менен катар журналисттердин да бутага алынышын жана эч нерсени көзгө илбестен өлтүрүлүшүн айыптаган Алтун, кабарчылардын жөн гана өз ишин аткарып, кабарларды өз жеринен жеткирип жатканын белгиледи.

Журналисттерге карата жасалган ар кандай зомбулуктун кабыл алынгыс экенин белгилеген Фахреттин Алтун: «Алар бизге согуштун ырайымсыздыгын көрсөтө турган жалгыз каналыбыз. Биз Израилдин бийликтерин карапайым калктын курмандыктарына көңүл бурбай коюуну токтотуп, маалымат кызматкерлерин коргоо үчүн катуу чараларды көрүүгө чакырабыз. Жарандардын улуту жана кайсы улуттун мүчөсү экенине карабашы керек жана согушуп жаткан бардык тараптар аларды коргоого милдеттүү. Талаадан чындыктын бир гана версиясын жарыя кылгысы келгендер бул кабарчылардын жашоосун мүмкүн болушунча кыйындатып жатат. Биз бардыгына алар жөн гана өз ишин аткарууга аракет кылып жатканын жана бул үчүн алардын өмүрүн кыйбашы керектигин эскерткибиз келет. Бул коркунучтуу кагылышууда каза болгон кабарчылардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтам. Биз фактыларды ачыкка чыгарып, фактыларды жеринде кабыл алуу менен гана тынчтыкка жетише алабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар