Министр Фидан Египетте
Фидан : "Эгерде Израилдин кол салуулары улана берсе, географиялык эскалация менен бүткүл дүйнөлүк стабилдүүлүккө жана тынчтыкка коркунуч келтирет",- деди.
Тышкы иштер министри Фидан : "Эгерде Израилдин кол салуулары улана берсе, географиялык эскалация менен бүткүл дүйнөлүк стабилдүүлүккө жана тынчтыкка коркунуч келтирет",- деди.
Министр Фидан Египеттин борбор шаары Каирде Газадагы абалдар талкууланган «Каир тынчтык саммитинде» катышуучуларга кайрылды.
Фидан Израилдин 2 миллион кишини адамдын жашоосуна ылайык болбогон бир жерде, ачык абада кармап тургандыгын белгилеп, муну террорго каршы коргонуу деп атагандыгын айтып : "Биз палестиналыктардын кайгысынын уланышына эч качан жол бербейбиз. Палестиналыктарга да, башкаларга да жаслаган мындай кылмыштарга чыдабайбыз. Эгер бул улана берсе, географиялык эскалация менен бүткүл дүйнөлүк стабилдүүлүккө жана тынчтыкка коркунуч келтирет",- деди.
"(Израиль-Палестина чатагы) Жаңы кепилдик механизми иштелип чыгып, ишке ашырылышы керек. Адилеттүү тынчтык үчүн тараптар таштай турган кадамдар кепилдикке алынышы керек",- деген Фидан Түркиянын ушунун негизинде кадам таштоого даяр экенин, адилеттүү жана коопсуз келечек үчүн өз милдетин аткарууга даяр экенин белгиледи.