Түркия Ливандагы түрк жарандарын эскертти

Тышкы иштер министрлиги X социалдык медиа эсебинен Ливандагы түрк жарандары үчүн билдирүү жарыялады.

2050434
Түркия Ливандагы түрк жарандарын эскертти

Түркия Ливандагы түрк жарандарына этият болууну жана мүмкүн болсо Литани дарыясынын түштүгүндөгү аймактардан алыс болууну сунуштады.

Тышкы иштер министрлиги X социалдык медиа эсебинен Ливандагы түрк жарандары үчүн билдирүү жарыялады. 

Билдирүүдө  Израиль жана Палестинада болгон акыркы абалдардын Ливандын түштүгүнө чагылышынын алкагында   : «Ливандагы жарандарыбыздын этият болушу жана мүмкүн болсо Литани дарыясынын түштүгүндөгү аймактардан алыс болушу сунушталат. Министрликтин жана Бейруттагы элчилигибиздин расмий веб-сайттарынан жана социалдык медиа аккаунттарындагы кабарларга көз салууда  пайда бар»,- деп айтылды.

Министрлик өзгөчө кырдаалдар үчүн Түркиянын Бейрут элчилигинин +961 3 944 904 жана +961 70 622 012» тез жардам телефондору менен консулдуктун чалуу борборунун +90 312 292 29 29» телефон номерлерин бөлүштү.



Тектеш кабарлар