Эрдоган Франциянын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө Газадагы күнөөсүз жарандарга карата адам укуктарынын бузулушу кабыл алынгыс экендигин айтты.

2050619
Эрдоган Франциянын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө  ккүн сайын күчөп бара жаткан  Израиль  -  Палестина кагылышууларынын алкагында аймактагы гуманитарды абал, тынчтыктын түзүлүшүнө карата аракеттер жана ташталышы керек болгон кадамдар каралды.

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө Газадагы күнөөсүз жарандарга карата адам укуктарынын бузулушу кабыл алынгыс экендигин айтты.

Түркиянын аймактагыларга жардам жеткирүү үчүн аракет кылып жатканын белгилеген Эрдоган, өзгөчө батыш өлкөлөрүнүн чыңалууну азайтуу үчүн кадам таштоосу жана тынчтыкка кызмат кылбаган аракеттерден алыс болушу керектигин айтты.

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө эл аралык коомчулуктун маселенин туруктуу түрдө чечилиши үчүн Түркиянын эки мамлекеттүү  чечимге таянган сунуштарын угушу керектигин, чын ыкластан мамиле кылынса аймакты да, дүйнөнү да жеңилдете турган чечим табыла турганын белгиледи.
 

 

 



Тектеш кабарлар