Фидан-Тажани сүйлөшүүсү

Фидандын италиялык кесиптеши Тажани менен өткөргөн телефон сүйлөшүүсүндө Израиль жана Палестинадагы акыркы абалдар каралды.

2048756
Фидан-Тажани сүйлөшүүсү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Италиянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Антонио Тажани менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Фидандын италиялык кесиптеши Тажани менен өткөргөн телефондук сүйлөшүүсүндө Израиль жана Палестинадагы акыркы абалдар каралды.

Хамастын аскерий канаты Кассам бригадасы ишемби күнү Израилге "Акса топону" деп аталган кеңири чабуул баштаганын жарыялаган. Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылып, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирип барышкан.

Израиль армиясы да Газа тилкесине каршы согуштук учактар ​​менен «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Чыңалуунун күчөшүндө эки тараптан тең жүздөгөн курмандыктар бар.



Тектеш кабарлар