Эрдогандын билдирүүлөрү дүйнө басма сөзүндө

Эрдогандын чакыруусун окурмандарына билдирген гезиттер Түркиянын тынчтык үчүн аракетке өткөндүгүн жазды.

2048989
Эрдогандын билдирүүлөрү дүйнө басма сөзүндө

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Жакынкы Чыгышта күч алган чыңалууга байланыштуу билдирүүлөрү дүйнөлүк басма сөздө кенен орун алды. 

Эрдогандын чакыруусун окурмандарына билдирген гезиттер Түркиянын тынчтык үчүн аракетке өткөндүгүн жазды. 

Америка Кошмо Штаттарында  чыккан Wall Street Journal гезити «Эрдоган Түркиянын потенциалдуу туткундарды алмаштыруу боюнча сүйлөшүүлөргө жардам берүүгө даяр экенин айтты» деген темада баш макала жазды.

Немис "Tagesschau" гезити "Түркия Израилдеги согушта ортомчулук ролун ойноого даяр" деген сөздөрүнө орун берген кабарында : "Эрдоган Израилге Палестина аймактарын бомбалоону таштоосун жана палестиналыктарды да жарандык Израиль отурукташуу жерлерине карата кол салууларын токтотуусу багытында чакыруу салды. Түркиянын Газа тилкесине гуманитардык жардам даярдагандыгын айтууда",- деген сөздөрүн колдонду. Гезит Эрдогандын : "Көз карандысыз эгемендүү бир Палестина  мамлекети болбостон аймакта тынчтык болбойт",- деген сөздөрүнө орун берди. 

Грек "Катимерини "гезити болсо "Эрдоган Израиль жана Хамасты тең салмакташтырууга аракет кылууда" деген баш макала жазды. Кабарда Эрдогандын : "Израиль күчтөрү жана отурукташуучулардын Газа калкына карата кол салууларына жана зулумчулугуна каршы болгондой эле израилдик жарандарга карата кол салуларга да каршыбыз",- дегенин жазды. 

"Al Monitor" гезити да «Израиль - Хамас согушу күч алып,  Түркиядан Эрдоган орточо  позициясын көрсөтүүдө» деген ат менен окурмандарынын алдына чыкты.

Япониянын NHK телеканалы : «Эрдоган Түркиянын Хамас - Израиль кагылышуусунда  ортомчулук кылууга даяр экендигин айтты", - деди.

Аль Арабия  да : "Президент Эрдоган палестиналыктарга израилдиктерге карата "кысымдарын токтотууларын" жана Газада  кагылышуулар күч алыпэки тараптын тең согуштун эрежелерине сый көрсөтүүсүн айтты",- дегенин билдирген. 

Times of Israel гезити да : «Эрдоган Израилдин президенти Исаак Херцогго Газага жамааттык жаза колдонулбашы керектигин айтты",- деди.

 



Тектеш кабарлар