Эрдогандын чакырыгы дүйнөлүк басма сөздө

Президент Эрдоган кечээ Палестина-Израиль тирешүүсүнө байланыштуу: «Түркия кагылышууларды тез арада токтотуу жана акыркы окуялар менен бирге күчөгөн чыңалууну азайтуу үчүн колунан келгендин баарын кылууга даяр»,-деген.

2048327
Эрдогандын чакырыгы дүйнөлүк басма сөздө

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Израиль-Палестина жаңжалын токтотуу чакырыгы дүйнөлүк басма сөздө кеңири орун алды.

Президент Эрдоган кечээ Палестина-Израиль тирешүүсүнө байланыштуу: «Түркия кагылышууларды тез арада токтотуу жана акыркы окуялар менен бирге күчөгөн чыңалууну азайтуу үчүн колунан келгендин баарын кылууга даяр»,-деген.

Палестина маселесинин эл аралык укуктун негизинде чечилиши керектигин баса белгилеген Эрдоган: «Отко май тамызуу эч кимге, өзгөчө эки тараптын карапайым калкына пайда алып келбейт»,- деп айтты.

Эрдогандын бул чакырыгы дүйнөлүк басма сөздө кеңири орун алды.

Англиянын «The Sunday Times» гезити Эрдогандын чакырыгын «Түркия чыңалууну басаңдатууну сунуштады» деген баш сөз менен жарыялады.

Кабарда президент Эрдогандын Израиль менен Хамасты «тынчтыкты колдоого» жана карапайым калкка зыян келтирбөөгө чакырганы баса белгиленди.

Эрдогандын аймактагы чыңалууну азайтуу чакырыгы немис басма сөзүндө да орун алды.

«Frankfurter Allgemeine» гезити Эрдогандын «Бардык тараптарды сабырдуулукка жана чыңалууну күчөтө турган кадамдардан алыс болууга чакырабыз»,-дегенин баяндаган.

Немис каналы НТВ да интернет баракчасындагы кабарында президенттин билдирүүсүн «Эрдоган Жакынкы Чыгышта тынчтыктын шарттарын жарыялады», деп жазды.

Грециянын Афина кабар агенттиги да «Эрдоган Израиль менен Хамасты «тынчтыкка колдоо көрсөтүүгө» чакырды» деген баш макаланы колдонду.



Тектеш кабарлар