Түркия Швецияда Эрдоганды бутага алган провокацияны катуу айыптады

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Түркиянын Стокгольм элчилигине жакын жерде провокация жасалгандыгы билдирилди.

2044291
Түркия Швецияда  Эрдоганды бутага алган провокацияны катуу айыптады

Түркия Швецияда президент Режеп Таййип Эрдоганды бутага алган провокацияны катуу айыптады. 

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Түркиянын Стокгольм элчилигине жакын жерде провокация жасалгандыгын билдирди. 

"Президентибизди бутага алган провокацияга уруксаттын берилишин катуу түрдө айыптайбыз",- деп айтылган билдирүүдө  булар белгиленди : "Швециянын керек болсо шайланган башкаруучуларыбызга карата аталган өлкөдө  системалуу түрдө жүргүзгөн кемсинтүүчү бул аракеттери керек болсо террордук уюмдардын улантылып жаткан пропоганда  иштерин алдын алуусу түрк коомунун негизги күтүүсү".

Швецияда Түркиянын Стогольм элчилигинин алдында полициянын коргоосу астында президент Эрдогандын сөлөкөтү өрттөлүп провокация уюштурулду.

Швецияда НАТОго мүчөлүк процесси улантылып, буга чейин да  бир топ  жерде Түркия,   түрк желегин, президент Эрдоган жана Куран Каримди бутага алган провокациялар  жасалды.

 



Тектеш кабарлар