Түркия эленктрондук мамлекеттик система боюнча 81 балл менен 10 - орунда

Түркия электрондук  мамлекеттик  системасынын ( e-Devlet)  өнүгүү деңгээли менен көпчүлүк Европа өлкөлөрүн артта калтырды.

2043478
Түркия эленктрондук мамлекеттик система боюнча 81 балл менен  10 -  орунда

Түркия электрондук  мамлекеттик  системасынын ( e-Devlet)  өнүгүү деңгээли менен көпчүлүк Европа өлкөлөрүн артта калтырды.

Европа Биримдиги Комиссиясы Европа өлкөлөрүндөгү мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү деңгээли салыштырылган “Электрондук мамлекеттик  баа берүү - e - Government Benchmark 2023” аттуу отчетун жарыялады.

Европа Биримдигине мүчө 27 өлкө менен Исландия, Норвегия, Швейцария, Черногория, Түндүк Македония, Сербия жана Түркиядагы коомдук тейлөөлөрдүн  санариптик трансформациясына баа берилген отчетто 2021 -  жыл  июль -  август жана 2022 - жыл ноябрь  - декабрь мезгилинде онлайн коомдук тейлөөлөр "колдонуучунун ориентациясы", "тактык",  “негизги жеткирүүчүлөр” жана “чек ара кызматтары” болгон  4 негизги элемент менен салыштырылды. 

 

Изилдөөдө Европада санариптик мамлекеттик колдонуулар   ийгиликтүү болгон өлкөлөр 96 балл менен Мальта, 92 балл менен Эстония жана 89 балл менен Люксембург болду. Түркия 81 балл менен 10 - орунда.

Европа Биримдигине мүчө 27 өлкөнүн орточо көрсөткүчү 70 балл болсо, Түркиянын мындан бир топ жогору көрсөткүчкө жетишкендиги көңүлдөрдү бурду.

Электрондук өкмөт көрсөткүчтөрүн мурунку жылга салыштырмалуу эң көп жогорулаткан өлкө болгон Түркиянын санариптик өкмөт көрсөткүчү өткөн жылы 10 баллга өстү.

Бир жыл мурункуга караганда электрондук мамлекеттик көрсөткүчүн арттырган өлкө болгон Түркиянын санариптик мамлекеттик көрсөткүчү өткөн жылы 10 баллга өстү.

Европада эң төмөнкү орунду алган өлкөлөр 35 балл менен Түндүк Македония, 41 балл менен              черногория, 45 балл менен Албания болду. 

Европа Биримдигинин экономикасы өнүккөн Германиянын электрондук мамлекеттик системасынын балы  65, Францияныкы  70, Италияныкы  61 пайыздык деңгээлде болду. Ушундайча Түркиянын электрондуцк мамлекеттик системасынын жетилгендиги  өнүккөн Европа Биримдиги өлкөлөрүн олуттуу  айырмачылык менен артта калтырды. 

Өзгөчө Түркиядагы электрондук мамлекеттик система онлайн  колдонула алат, мобилдик шайкештикти камтыган "колдонуучуга баыгт алууда" 99 балл мнен Европада  үчүнчү орунду алды. 

Түркия электрондук идентификация, электрондук документ, алдын ала толтурулган формалар жана санарип почта сыяктуу негизги кызматтарда 93 балл менен 6-орунда болсо, кызмат көрсөтүү, жеке маалыматтар жана тейлөө дизайны сыяктуу ачыктык критерийлеринде 78 балл менен Европада 6-орунду алды. 

Түркиядагы системада башка адреске көчүүдөн улам дарек өзгөртүү процесси 94 балл менен Европада биринчи орунду алса, саламаттыкты сактоо, ооруканага кабыл алуу жана рецепттер сыяктуу операциялар 88 балл менен Европада 4 - орунга чыкты.

 



Тектеш кабарлар