Эрдоган бир күндүк иш сапары менен Нахчыванга барды
Бул тууралуу Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан маалымат берилди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин чакыруусу менен бүгүн бир күндүк иш сапары менен Нахчыванга барды.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда президент Эрдоган менен Алиевдин ортосунда боло турган жолугушууларда Түркия-Азербайжан карым-катнаштары каралып, өзгөчө Карабахтагы акыркы абалдар менен актуалдуу аймактык жана глобалдык маселелер боюнча пикир алмашылышы күтүлүүдө.
Эрдоган менен Алиевдин Ыгдыр-Нахчыван жаратылыш газ түтүгүнүн пайдубалын түптөө аземине катышары жана модернизацияланган Нахчыван аскердик комплексинин ачылышын жасашаары да күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.