Түркия-Литва саясий консультациялары

Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө орун алды.

2041448
Түркия-Литва саясий консультациялары

Эртең Вильнюста Түркия менен Литванын ортосундагы саясий консультациялар болот.

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Түркия менен Литванын ортосундагы саясий консультациялар, тышкы иштер министринин орун басары жана Европа Биримдиги (ЕБ) боюнча төрага, элчи Мехмет Кемал Бозай жана Литванын тышкы иштер министринин орун басары Йовита Нелиупсиененин биргелешкен төрагалыгында 25-сентябрда Вильнюста өтө турганы белгиленди.

Билдирүүдө, «Кеңешүүлөрдө дос жана союздаш Литва менен болгон эки тараптуу карым-катнашыбыздын бардык аспектилери каралып, Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштары, актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашылат»,деген сөздөргө орун берилди.



Тектеш кабарлар