Эрдоган : "Түрк дүйнөсү жаңы бир өнүгүүнүн ичинде"

Эрдоган Стамбул Халич Конгресс  борборунда  10 -  Дүйнөлүк түрк иш кеңешинин курултайында сөз сүйлөдү.

2038079
Эрдоган : "Түрк дүйнөсү жаңы бир өнүгүүнүн ичинде"

Президент Режеп Таййип Эрдоган : "Түрк дүйнөсү жаңылыкка жана өнүгүүгө ачык цивилизациялык  тажрыйбасы, күчтүү мамлекеттик салты, бекем социалдык түзүлүшү, жарандык коом мекемелери менен жаңы бир ойгонуу, жаңы бир өнүгүүнүн ичинде",- деди. 

Эрдоган Стамбул Халич Конгресс  борборунда  10 -  Дүйнөлүк түрк иш кеңешинин курултайында сөз сүйлөдү. 

Түрк дүйнөсүнүн  жаңы бир өнүгүү ичинде экендигин айткан президент Эрдоган : "Байланыш мүмкүнчүлүктөрү  өнүккөн бул мезгилде ата мекени менен диаспоранын ортосундагы байланышты бекемдөө мурункуга караганда дагы оңой",- деди. 

Эрдоган : "Эң күчтүү Түркия душмандары да  эми өлкөбүздү көрбөстүккө сала албайт, экономикабызга каршы  аракеттеринде ийгиликтүү боло алышпайт",- деди. 

 



Тектеш кабарлар