Эрдоган: "Мыйзамсыз миграцияга байланыштуу маселелерди чечебиз"

Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте сөз сүйлөдү.

2037519
Эрдоган: "Мыйзамсыз миграцияга байланыштуу маселелерди чечебиз"

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Чек араларыбыздын коопсуздугун жана өлкөнүн ичиндеги көзөмөлдү активдештирүү менен мыйзамсыз миграцияга байланыштуу көйгөйлөрдү чечебиз»,-деди.

Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте сүйлөгөн сөзүндө: «Гуманитардык себептерден улам өлкөбүзгө кабыл алган качкындардын өз ыктыяры менен, аман-эсен жана татыктуу түрдө мекенине кайтуусу үчүн иш-аракеттерди көрүп жатабыз»,-деп айтты.

Президент Эрдоган: «Катардын каржылык колдоосу менен баштаган турак-жай долбоорлорубуз бүтсө учурда 600 миңдин тегерегинде болгон кайткандардын саны дагы да көбөйөт деп ишенем. Тарых бою абийирдүү позициябыз менен адамзатка үлгү болгонубуз сыяктуу, кайра кайтуулар жагынан да үлгү боло турган мамилебизди көрсөтөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар