Түркия Карабахтагы шайлоону айыптады

Түркия Азербайжандын Карабах аймагында армян күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү жерлерде өткөн шайлоону айыптады.

2035141
Түркия  Карабахтагы шайлоону айыптады

Түркия Азербайжандын Карабах аймагында армян күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү жерлерде өткөн шайлоону айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө : "Азербайжандын Карабах аймагындагы мыйзамсыз армян күчтөрү көзөмөлдөгөн аймактарда өткөрүлгөн шайлоо аймактагы азыркы кырдаалды бир тараптуу мыйзамдаштыруу аракетинин жаңы көрүнүшү болуп саналат, бул эл аралык укукка каршы келет. Бул кадам Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чечимдери жана Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) принциптери да болгон эл аралык укуктун ачык бузулушу",- деп айтылды. 

Түркиянын Азербайжан жана Армениянын ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантууга аракет кылынган бир мезгилде ишке ашырылган шайлоону, тынчтык сүйлөшүүлөрүн саботаж кылууга карата аракет катары айыптагандыгы белгиленип : "Түркия Азербайжандын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн бузган бул легитимсиз шайлоону тааныбайт. БУУну жана эл аралык коомчулукту бул шайлоону тааныбоого чакырабыз. Түркия Азербайжан менен Армениянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү процессин колдойт жана туруктуу тынчтык келишимине эртерээк кол коюлушунун аймактын тынчтык жана туруктуулугуна чоң салым кошоруна карата ишенимин сактайт",- деп билдирилди.

 

 



Тектеш кабарлар