Фидан: «ЙПГ террорун мыйзамдуу күч катары көрсөтүү бүтүшү керек»

Фидан Европа Биримдигинин (ЕБ) Коңшулук жана кеңейүү комиссиясынын мүчөсү Оливер Вархели менен борбор шаар Анкарада министрликте болгон жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

2033999
Фидан: «ЙПГ террорун мыйзамдуу күч катары көрсөтүү бүтүшү керек»

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Сириядагы араб урууларынын ЙПГ баскынчылыгына каршы козголоңун алдын ала көргөн бир маселе экенин айтып: «ЙПГ террорун мыйзамдуу күч катары көрсөтүү бүтүшү керек. Болбосо биз көргөн кагылышуулар (Дейр-эз-Зордо) башталышы гана»,-деди.

Фидан Европа Биримдигинин (ЕБ) Коңшулук жана кеңейүү комиссиясынын мүчөсү Оливер Вархели менен борбор шаар Анкарада министрликте болгон жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Фидан: «Биз Евробиримдиктин саясий тоскоолдуктарга уруксат бербөөсүн күтөбүз. Биз алардан биздин мамилелерди өнүктүрүү үчүн керектүү эркти көрсөтүүсүн жана кайраттуу болушун каалайбыз»,-деди.

Сириядагы Араб урууларынын ЙПГ баскынчылыгына каршы козголоң чыгарышын алдын ала көрө алган нерсе экенин белгилеген Фидан, мунун башкачасын кылуунун мүмкүн эмес экенин айтты.

Фидан Түркиянын Сирия саясатынын маанилүү элементинин Сирия элдеринин ар ким турган жеринде жашашы экенин баса белгилеп: «Эч ким өз жеринен сүрүлүп, башкаларга баш ийдирилбеши керек. Башкача айтканда, арабдардын, түркмөндөрдүн жана күрттөрдүн турган жеринде жашашы маанилүү. Бирок Америка колдогон ЙПГнын араб жерлерин басып кирип, өзгөчө аларды баш ийдирүүсүнүн натыйжасында, биз мындай аракеттер башталат деп эчак эле болжолдогонбуз.Тилекке каршы, булар да эки коомчулуктун ортосундагы кан жаңжалга айланган узак мөөнөттүү натыйжаларды алып келет.

Бул жерде өзгөчө Америка Кошмо Штаттарына жана башка тиешелүү мамлекеттерге дагы бир жолу чакырык салып жатабыз: «Чөлкөмдө өзгөчө арабдардын ЙПГ аркылуу кысымга алуу саясаты токтотулсун. ЙПГ террорун аймактагы мыйзамдуу күч катары көрсөтүү жана аны зулум куралына айландырууга чекит коюлушу керек. Демек, эгерде бул бүтпөй калса (Дейр-эз-Зордо), биз көрүп жаткан бул чыр-чатактар ​​башталышы гана. Башкача айтканда, биздин аймак үчүн дагы кооптуу сценарийлерди алдын ала көрүү сөзсүз болот»,-деди.

Вархели да өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө: «Евробиримдик-Түркия мамилелерин жакшырта алабыз деп ойлойм»,- деди.

Түркия менен карым-катнаштардын ар дайым маанилүү болгонун баса белгилеген Вархели:«Миграция толкунуна келгенде, кыйраткыч жер титирөөнүн зыяндарына келгенде, биз Түркия эли менен бирге болдук жана геосаясий жактан маанилүү аймактагы, айланабыздагы жана Түркиянын айланасындагы олку-солкулуктарга бирге жооп бердик. Түркия айтылгандай, биз үчүн дос өлкө болуп саналат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар