Astoria Grande круиздик кемеси Синопко келди

Орусиянын Сочи портунан Синопко жол тарткан кемени жооптуу кызматкерлер жана туризм агенттигинин жетекчилери тосуп алышты.

2023896
Astoria Grande круиздик кемеси Синопко келди

Панама желеги менен жүргөн Astoria Grande круиздик кемеси 893 орус жүргүнчүсү менен Синопко токтоду.

Орусиянын Сочи портунан Синопко жол тарткан кемени жооптуу кызматкерлер жана туризм агенттигинин жетекчилери тосуп алышты.

Кемеден түшкөндөн кийин жүргүнчүлөр шаардын тарыхый жана туристтик жерлерин кыдырышты.

Астория Гранде 442 экипажы жана 893 жүргүнчүсү менен Синоптон кийин Измирдин Чешме районуна баруу үчүн кечинде порттон чыга турганы белгилүү болду.



Тектеш кабарлар