Анталья аэропортунда рекорд

Антальянын губернатору Эрсин Языжы социалдык медиа баракчасынан, ишемби күнү аэропортто канча учак жана жүргүнчү болгонун бөлүштү.

2020966
Анталья аэропортунда рекорд

Анталья аэропортунда учак жана жүргүнчүлөрдүн агымы боюнча бардык убакыттардын рекорду жаңырды.

Туризм кыймылдуулугу уланып жаткан Антальяда аба каттамдары да активдүү.

Антальянын губернатору Эрсин Языжы социалдык медиа баракчасынан, ишемби күнү аэропортто канча учак жана жүргүнчү болгонун бөлүштү.

Аэропортто бул жумада эки рекорддун жаңыланганын белгилеген Языжы, 127си ички каттамда, 1063ү эл аралык каттамда жалпы 1190 учактын конуп абага көтөрүлгөнүн айтты.

Күнүмдүк жүргүнчү санында да эң жогорку көрсөткүчкө жетишилгенин маалымдаган Языжы, ички каттамда 20 миң 795, эл аралык каттамда 194 миң 124 жалпы 214 миң 919 жүргүнчүгө кызмат көрсөтүлгөнүн билдирди.



Тектеш кабарлар