Түркия Швецияда Эрдоганды бутага алган провокацияларды айыптады

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндө билдирүү жасады.

2020693
Түркия Швецияда Эрдоганды бутага алган провокацияларды айыптады

Түркия Швециянын борбор шаары Стокгольмдо жикчил террордук уюм ПККнын жактоочуларынын президент Режеп Таййип Эрдоганды бутага алган провокацияларга уруксат берилишин катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүcүндө: «Бүгүн (5-августта) Стокгольмдо өткөрүлгөн иш-чарада ПККга байланышы бар топтун террордук уюмдун символдору менен үгүттөөсүнө жана президентибизге карата жийиркеничтүү мамилесине уруксат берилишин катуу айыптайбыз»,-деген сөздөр камтылды.

Билдирүүдө Швеция өкмөтүнүн террордук уюм ПКК жана мүчөлөрүнүн кыймылдарына бөгөт коюунун алкагында алган милдеттенмелери эске салынды.



Тектеш кабарлар