Ливандан Түркияга ыраазычылык...

Ливандын тышкы иштер министри Абдаллах Бухабиб министрликтин имаратын оңдоп, кайра пайдаланууга бергендиги үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди.

2019969
Ливандан Түркияга ыраазычылык...

Ливандын тышкы иштер министри Абдаллах Бухабиб министрликтин имаратын оңдоп, кайра пайдаланууга бергендиги үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди.

Бухабиб, 1955-жылы курулган бирок көпчүлүгү бош турган Ливандын Тышкы иштер министрлигинин имаратынын Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА) тарабынан оңдоп-түзөп жана жаңыланып пайдаланууга берилгенине байланыштуу билдирүү жасады.

2020-жылдын 4-августунда өлкөдө болгон чоң порт жарылуусунда ижара катары колдонулган Ливандын Тышкы иштер министрлигине таандык имараттын чоң зыянга учураганын эске салган Бухабиб:«Түркия 7 кабаттуу үйдүн 4 кабатын оңдоп берди»,-деди.

Бухабиб:«ТИКАга жана Түркиянын Тышкы иштер министрлигине терең ыраазычылык билдиребиз»,-деп айтты.

Жакында Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарында тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугуша тургандарын белгилеген Ливандын министри: «Эки өлкөнүн мамилеси абдан жакшы деп ойлойм. Аймактык жана эл аралык деңгээлде дагы көптөгөн тармактарда биргелешип иш алып барабыз. Бул карым-катнаштар дагы да бекемделет деп ишенебиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар