Түркия Пакистандагы бомбалуу кол салууну айыптады

Түркия Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында коалициялык өкмөт өнөктөштөрүнүн бири Ислам Уламалар коомунун (JUI-F) конгрессин бутага алган жардырууну айыптады.

2017979

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, «Дос жана боордош Пакистандын түндүк-батышында бүгүн (кечээ) саясий митинг учурунда болгон жардыруудан көптөгөн адамдардын өмүрү кыйылганы терең кайгыруу менен угулду»,делди.

«Биз бул террордук актыны эң катуу айыптайбыз жана жакындарына, Пакистан өкмөтүнө жана элине көңүл айтабыз жана кол салууда каза болгондорго Аллахтын ырайымы болсун»,-деп айтылган билдирүүдө Түркиянын террор менен күрөшүүдө дос жана боордош Пакистандын жанында болушун уланта турганы белгиленди.

Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында кечээ коалициялык өкмөттүн өнөктөштөрүнүн бири Ислам Уламалар коомунун (JUI-F) конгрессин бутага алган жардыруудан 40 киши каза болуп, 200дөн ашуун киши жараланды.

Полиция башчысы Ахтар Хаят кол салууну жанкечти кылганын билдирди.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек болсо да, Ооганстандагы талиптердин администрациясы кол салууну айыптады.

Тектеш кабарлар