ИКУнун тышкы иштер министрлеринин кезексиз жыйынына Түркиядан Хакан Фидан катышат
Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Швеция жана Данияда Куранга кайталанган кол салууларды талкуулай турган жыйындын бүгүн боло турганы белгиленди.
Акыркы убакта Батышта Куранга кол салуулардын күчөшүнө байланыштуу Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Тышкы иштер министрлер кеңеши кезексиз чогулат.
Онлайн жыйынга тышкы иштер министри Хакан Фидан да катышат.
Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Швеция жана Данияда Куранга кайталанган кол салууларды талкуулай турган жыйындын бүгүн боло турганы белгиленди.
Жыйында Европада исламофобиянын күчөшүнүн алкагында ИКУ таштай ала турган конкреттүү кадамдарга баа берилери айтылды.
Жыйында Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Куранга болгон жийиркеничтүү кол салууларга каршы бирдиктүү позицияны кабыл алуусу да талкууланат.
Бир тараптан тышкы иштер министри Хакан Фидан жолугушуудан мурда Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Анда, Швецияда Куранга болгон кол салуулар талкууланганы айтылды.
Министр Фидан бул аракеттерди сөз эркиндигине жамынып улантуунун кабыл алынгыс экенин баса белгиледи.
Фидан Ислам дүйнөсүндө чоң реакцияга себеп болгон кол салуулардын алдын алуу үчүн Стокгольм башкаруусунан конкреттүү кадамдар күтүлгөнүн белгиледи.
Эки министрдин сүйлөшүүсүндө Швециянын НАТОго мүчөлүк процесси да талкууланды.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.