Тунжелиде террористтерге карай операция жүргүзүлдү

Ички иштер министри Али Йерликая социалдык медиа эсебинен билдирүү жасады.

2014917
Тунжелиде террористтерге карай операция жүргүзүлдү

Тунжелиде «Шейит жандармерия адиси, сержант Бурак Тортумлу операциясынын» алкагында эки террорист жок кылынды.

Ички иштер министри Али Йерликая социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө, Тунжели Жандармерия аймактык, Тунжели жана Эрзинжан облустук жандармерия командирликтеринин камсыздоо жана башкаруусунда, Тунжелинин элет жеринде, J-SİHA жана ANKA-S колдоосу менен, Жандармериянын атайын операциялары (JÖH) жана жандармериянын десанттык топторунун катышуусу менен «Шейит жандармерия адиси, сержант Бурак Тортумлу операциясынын» жүргүзүлгөнүн белгиледи.

"5 баатырыбыздын шейит болушуна жооптуу эки террорист жок кылынды. Шейиттерибиздин каны жерде калган жок",-деп жазган Йерликая  2 аскер, 2 жандарм жана 1 полиция кызматкеринин шейит болушуна жооптуу террористтердин «Рожхат Дилман» каймана аттуу Адем Гүрел жана «Шореш Дилок Чило» каймана аттуу Ахмет Карабоганын куралдары менен таасирсиз кылынганын жарыялады.

Операция учурунда террористтер колдонгон баш калкалоочу жайдан көп сандаган курал жана ок-дарылардын колго түшүрүлгөнүн билдирген министр Йерликая: «Операция жүргүзгөн жандармериябызды куттуктайм, күрөшүбүз террор аяктаганга чейин уланат»,-деди.

Ички иштер министрлиги да куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар (SİHA) колдогон операциянын, террористтер атылган учурдун кадрларын бөлүштү.



Тектеш кабарлар