Түрк-грек-англис кемелери Жер Ортолук деңизинде биргелешкен машыгуу өткөрдү

Улуттук Коргоо министрлиги социалдык медиадан жасаган билдирүүсүндө НАТОнун Туруктуу деңиз күчтөрү-2 тобуна кирген кемелердин машыгуу өткөрүп жатканын жарыялады.

2013586
Түрк-грек-англис кемелери Жер Ортолук деңизинде биргелешкен машыгуу өткөрдү
Turk-yunan-ingiliz gemileri tatbikat1.jpg
Turk-yunan-ingiliz gemileri tatbikat.jpg

Чыгыш Жер Ортолук деңизинде 2020-жылдын жайында күчөгөн чыңалуудан кийин бетме-бет келген түрк жана грек согуштук кемелери 3 жылдан кийин НАТОнун карамагында биргелешкен машыгуу өткөрдү.

Улуттук Коргоо министрлиги социалдык медиадан жасаган билдирүүсүндө НАТОнун Туруктуу деңиз күчтөрү-2 тобуна кирген кемелердин машыгуу өткөрүп жатканын жарыялады.

Билдирүүдө Түркиядан TCG Гөкчеада фрегаты, Англиядан HMS Дункан жана Грециядан HS Limnos фрегаты машыгууга катышканы белгиленди.

НАТОнун карамагында өткөрүлгөн машыгуунун алкагында үч өлкөнүн согуштук кемелери ыктымал абадан кол салууларга каршы кызматташтык сценарийлеринин үстүндө иштешти.

Грециянын Kathimerini гезити «Машыгуу түрк-грек карым-катнаштарында аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү аракетин жана НАТОнун бул багытта жардам берүү каалоосун чагылдырды»,- деп жорум кылды.

Гезиттин кабарында HMS Дункандын ролу үчүн, «Англия согуштук кемеси түрк жана грек согуштук кемелеринин ортосунда «көпүрө» ролун ойноду. Машыгуу НАТОнун Англиядагы Northwood штаб-квартирасында түрк-грек карым-катнаштарын жакшыртуу аракеттерине жардам берүү үчүн пландалган",делди.



Тектеш кабарлар