Йылмаз: «Жаңы Бажы биримдигинин күн тартибине алда канча эффективдүү жана кеңири болот»

Йылмаз, президент Режеп Таййип Эрдогандын Перс булуңу өлкөлөрүнө саякатынын алдында өткөн жумада казына жана каржы министри Мехмет Шимшек менен бирге бул өлкөлөргө болгон сапарлары тууралуу маалымат берди.

2012301
Йылмаз: «Жаңы Бажы биримдигинин күн тартибине алда канча эффективдүү жана кеңири болот»

Вице-президент Жевдет Йылмаз, Жаңы Бажы биримдигинин күн тартибине алда канча эффективдүү жана кеңири экономикалык кызматташтыкты алып келерин айтты.

Жеке телеканалда күн тартибин баалаган жана суроолорго жооп берген Йылмаз, президент Режеп Таййип Эрдогандын Перс булуңу өлкөлөрүнө саякатынын алдында өткөн жумада казына жана каржы министри Мехмет Шимшек менен бирге бул өлкөлөргө болгон сапарлары тууралуу маалымат берди.

Йылмаз Түркиянын бул сапарлардан инвестиция жагынан олуттуу пайда ала турганына ишенгенин белгилеп, энергетикадан коргонуу өнөр жайына, туризмден инфраструктура долбоорлоруна чейин көптөгөн тармакта кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү бар экенин айтты.

Президент Эрдогандын Перс булуңундагы өлкөлөргө жасаган сапарларынын кээ бир конкреттүү жыйынтыктарды көрсөтө турганын айткан Йылмаз: «Мунун жемишин алдыдагы мезгилде көрөбүз. Түркияга дагы көп капитал агымы болоорун оңой эле айта алам»,-деди.

Йылмаз, Бажы биримдигин жаңылоо жана Европа Биримдиги менен болгон карым-катнаштарда визаны либералдаштыруу темаларында дагы интенсивдүү иш көргөзүлө турганын айтты: «Учурдагы Бажы биримдиги өнөр жай чөйрөсүн гана камтыйт. Жаңы Бажы биримдиги кызмат көрсөтүү тармагы, мамлекеттик сатып алуулар, ошондой эле өнөр жай сыяктуу кеңири спектрге ээ болуп, бир топ натыйжалуу жана комплекстүү экономикалык кызматташтыкты күн тартибине алып чыгат. Бул эки тараптын тең пайдасына»,-деп айтты.

Түркиянын ар дайым инвесторлор үчүн дос өлкө болгонун баса белгилеген Йылмаз, Түркияга келген инвесторлор эч качан утулбаганын, Түркиянын ар дайым милдеттенмелерине бекем турган жана жакшы инвестиция чөйрөсүн камсыз кылууга аракет кылган өлкө экенин айтты.



Тектеш кабарлар